Connect with us

Кайра шайлоо: саат 12:00 го карата 15 миңден ашуун адам добуш берди

Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 274 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматына ылайык,  саат 12:00 го карата парламенттик кайра шайлоого 15 миң 461 адам өз добушун берди. Бул жалпы шайлоочулардын 7,04%ын түзөт.

№27 Биринчи Май районунан 5 423 адам (4,79%), №29 Свердлов районунан 10 038 адам (9,42%) шайлоого катышкан.

Эки район боюнча шайлоочулардын жалпы саны 219 миң 654. Анын 92 миң 587син эркектер, 127 миң 67син аялдар түзөт.

Парламенттик кайра шайлоодо депутаттыкка №27 Биринчи Май округунан 26 адам, №29 Свердлов округунан 25 адам талапкер катары ат салышууда.

Эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 120 тилке саат 8:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтойт.

Айта кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо эки округдан «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM