Connect with us

Австралия Украинага ири оор курал-жарактарын жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 981 | 0

Австралия Украинага оор курал-жарактарын жөнөтөт. Бул тууралуу Автстралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Sydney Morning Herald басылмасына берген маегинде билдирди.

«Биз азыр өлүмгө алып келбеген курал-жарак менен жардам берип жатабыз. Бирок, мен жаңы эле Коргоо министри менен сүйлөштүм. Биз НАТОдогу  өнөктөштөрүбүз, Улуу Британия жана АКШ аркылуу ири оор куралдар жаатында колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз», — деди өкмөт башчы.

Моррисон «Украинага ар тараптуу колдоону» уланта турганын баса белгилеп, ошону менен бирге, өлкөгө гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө убада берди.

Орусиянын Украинадагы аскерий операциясы башталгандан кийин бир катар өлкөлөр Киевге курал-жарак жеткирилерин жарыялашты.

Согуштук аракеттер башталганга чейин Берлин Киевди курал-жарак менен камсыздоого каршы болгон. Бирок, Орусиянын аскердик операциясынан соң немис бийлиги орус аскерлеринен коргонуу үчүн Украинага 1000 танкка каршы ракета жана 500 Стингер жөнөтүүнү чечкен.

26-февралда Франция Украинага кошумча аскердик техника берүү чечимин жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM