Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын № 27 Биринчи Май жана № 29 Свердлов округунан парламенттик кайра шайлоо башталды.
Эки округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн 120 тилке саат 8:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтойт.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы № 27 Биринчи Май округуна 110 миң 970, № 29 Свердлов округуна 104 миң 788 бюллетень жөнөткөн. Ошондой эле кечээ, 25-февралда эки округдан 1253 жаран «көчмө үкөк» менен добуш беришти.
Парламенттик кайра шайлоодо депутаттыкка №27 Биринчи Май округунан 26 адам, №29 Свердлов округунан 25 адам талапкер катары ат салышууда.
Айта кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо эки округдан «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо белгиленет.