Биз менен байланышыңыз

«Талибан» бийлиги Орусия менен Украинаны тынчтыкка чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 214 | 0

Ооганстанды басып алган «Талибан» бийлиги Украинадагы жаңжалдын тараптарын сүйлөшүүгө, жаралган маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Кахар Балхи өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Билдирүүдө талибдер Донбасстагы кырдаалга кылдат көз салып турганы белгиленген. Алар элдин жоготууларынан чочулап, тараптарды катуу салгылашуудан алыс болууга чакырды.

Мындан тышкары талибдер Украинадагы ооган студенттерин жана мигранттарын куткарууга, кам көрүүгө үндөдү.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүү чечимине келгенин билдирген. Украина лидери Владимир Зеленский Орусия Федерациясы менен дипломатиялык мамилени үзгөнүн жарыялаган.

Президент Владимир Зеленский бүгүн, 25-февралда жасаган кайрылуусунда согуш башталган алгачкы күндө 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM