Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путинди сүйлөшүү үстөлүнө чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 2265 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, Орусия лидери Владимир Путинди сүйлөшүү үстөлүнө чакырды.

«Мен Орусия Федерациясынын Президентине дагы бир жолу кайрылгым келет. Украинанын бардык жеринде салгылашуулар жүрүп жатат. Келгиле, адам өлүмүн токтотуу үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отуралы», — деди ал.

Мындан тышкары Зеленский Европа Украинага өтө жай жардам берип жатканын кошумчалады.

«Орусиянын Украинага басып кириши жөн эле басып алуу эмес, бул — Европага каршы согуштун башталышы. Европанын биримдигине каршы. Европадагы элементардык адам укуктарына каршы. Континентте жанаша жашоонун бардык эрежелерине каршы. Европа мамлекеттери чек араны күч менен бөлүүдөн баш тартып жатканына каршы», — деди Украинанын президенти.

Президент Владимир Зеленский согуш башталган алгачкы күндө 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болгонун билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM