Биз менен байланышыңыз

«Мэрлердин бат-бат алмашуусу шаардын өнүгүүсүнө зыян»

Коом , Саясат | 25 Фев 2022 | 939 | 0

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Экс-мэр Айбек Жунушалиев мэрлик кызматта болгону 182 күн турду. Калаа башчыларынын тез-тез алмашуусу коомчулуктун сынына кабылып келет. Талдоочулар мамлекеттик кызматта жыйынтыкка жетишүү үчүн жетекчи кеминде 3 жыл иштеши керек экенин айтышат. Аны менен бирге шаар жетекчилигин тургундар шайлоо аркылуу тандаса туура болорун сунуштагандар көп.

Бишкек шаарынын башчылыгына ишкер Эмилбек Абдыкадыров келди. Муну менен шаар мэрлеринин улам алмашып жатканына нааразылык дагы күчөдү.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов да мэрлердин тез-тез алмашуусуна каршы. Ал себебин мындайча түшүндүрдү:

«Мен кескин түрдө каршымын. Себеби ар бир алмашуу шаарда жүрүп жаткан ишке таасир этет. Азыр жаңы мэр келди, эми баарын алмаштырат, өзүнүн командасын алып келет. Иш үзгүлтүккө учурайт. Ошондуктан мен мэрлердин алмашуусуна кескин каршымын. Жок дегенде 2-3 жыл иштеши керек. Ошондо жумуш болот».

Соңку 2 жыл ичинде Бишкек шаарына 11 мэр, 8 айдын ичинде Нарын шаарына 5 мэр дайындалган.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков өлкөнүн өнүгүүсү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын туруктуулугунда деп эсептейт. Мисалы, мамлекеттик кызматта иштеп, жыйынтык көргөзүү үчүн жетекчи бир орунда кеминде 3 жыл турушу керек.

«Мен бир нерсени айтып коюшум керек: мамлекеттин өнүгүүсүнүн өзөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын туруктуулугу болуп саналат. Ошол жактагы кадрлар жеринде коюлган тапшырмаларды, саясатты жүргүзүү, ишке ашыруу үчүн туруктуу иштеши керек. Бир орунда эң кеминде 3 жыл иштеши керек. Мына ошондо өзгөрүүлөр башталат. Ошондо кандайдыр бир реформалар ишке аша баштайт. Ошондо жер-жерлерде жоопкерчилик алган жергиликтүү бийликпи, же министрликпи, өзгөрүүгө башат алат».

Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №21 Талас шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борборго инвестор болорун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү экени маалым.

Борбор калаанын учурдагы башчысы 64 жашта. 30 жылдан ашык убакыт Бишкек мэриясында башкаруу түзүмдөрүндө иштеген. Шаардык кеңешке үч жолу депутат болгон.

Коомчулук шаардык бийликти борбордук бийликке көз каранды кылуудан алыс болууга чакырып келет. Саясатчы Өмүрбек Текебаев Башмыйзамга ылайыктап, 2013-жылы «Ош жана Бишкек шаарларынын макамы жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ага ылайык, шаар мэрине өкмөт башчы шаардык кеңештеги фракциялар менен акылдашып, үч талапкерди сунуш кылат. Алар сунушталган үч талапкердин бирин шайлайт.

Шаар мэри туруктуу иштеши үчүн аны эл белгилүү мөөнөткө шайлашы керек же президент жетекчилерге мөөнөттүү ишеним бериши зарыл. Мындай пикирин коомдук ишмер Илим Карыпбеков билдирди.

«Стабилдүүлүккө жетүү үчүн ага эки эле нерсе керек. Бир туруктуу система болушу керек. Ал туруктуу система бул мэрди президент бекитип, же депутаттар тандабашы керек. Мэрди түз аныкталган мөөнөткө шайлоо керек. Ошондо туруктуулук болот. Экинчиден, же президенттин кадрдык саясаты туруктуу болушу керек. Мэрди бекиттиңби, өзүң алып келдиңби, өзүң макулдашып койдуңбу, бер анда мүмкүнчүлүк. Ал 3-4 жыл иштесин, анан жыйынтык чыгар да».

Бишкектин мурдагы мэри Айбек Жунушалиев Президенттин администрациясынын чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM