Биз менен байланышыңыз

Бүгүн НАТОнун Украина боюнча саммити өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 170 | 0

НАТОнун Украина боюнча чукул саммити видеоконференция форматында бүгүн, 25-февралда өтөт. Бул тууралуу АКШнын Ак үйү кечээ жарыялаган иш графигинде айтылганын ТАСС агенттиги жазып чыкты.

«Президент Байден НАТОнун башка мамлекет жана өкмөт башчылары менен Украинадагы жана анын айланасындагы коопсуздук кырдаалын талкуулоо үчүн видеоконференция аркылуу чукул саммитте жолугууну пландап жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр жабык форматта өтөт.

Буга чейин АКШ лидери саммитте Түндүк атлантикалык альянсын чыңдоонун бардык маселелерин карай турганын билдирген. Мындан тышкары жыйынга НАТОго мүчө болбогон Финляндия менен Швеция да чакырылган.

Орусия президенти Владимир Путин 24-февралда эртең менен Донбасс республикаларынын жетекчилеринин кайрылуусуна жооп кылып, атайын аскердик операция өткөрүү чечимине келгенин билдирген. Орус лидери Москванын пландарында Украинанын аймактарын басып алуу камтылбаганын кошумчалаган.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзүп, кийин өлкө боюнча аскердик абал жарыялаган.

Бүгүн, 25-февралда эртең менен Киевге ракеталык чабуул жасалганын окуяга күбө болгондор кабарлашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM