Биз менен байланышыңыз

18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге Украинадан чыгууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 598 | 0

Украинадагы аскердик абалга байланыштуу 18-60 жаштагы эркектер өлкөдөн чыгарылбайт. Бул тууралуу Львов бажысынын башчысы Даниил Меньшиков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Украинада башталган орус операциясынан улам өлкөдө аскердик абал киргизилген.

«Украинанын 18 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына биздин мамлекеттен чыгууга тыюу салынат. Сураныч, дүрбөлөңгө түшпөңүз, өз алдынча чек арадан өтүүгө аракет кылбаңыз!» — деп жазды Меньшиков.

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны «денацификация жана демилитаризация» үчүн аскер киргизе турганын билдирген. Андан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзүп, кийин өлкө боюнча аскердик абал жарыялаган.

Бүгүн, 25-февралда эртең менен Киевге ракеталык чабуул жасалганын окуяга күбө болгондор кабарлашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM