Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды.
Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:
– курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;
– курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;
– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин.
Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.
Былтыр 28-30-апрелде Тажикстан тараптын Кыргызстанга кол салуусунун кесепетинен 36 жаран көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак жайлары өрттөнүп, 250дөн ашуун үй-бүлө талап-тоноого дуушар болгон.
Мындан сырткары, жашоочулар жанжал учурунда укук белгилөөчү жана башка документтерди жоготушкан.