Connect with us

Зеленский бир суткада 137 адам курман болгонун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2022 | 539 | 0

Украинада бир сутка ичинде 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болду. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский видеокайрылуусунда айтты.

«Соңку маалыматтар боюнча, бүгүн 137 жаран каза болду, анын ичинде 10 офицер, 316 жоокер жарадар болду», — деди Зеленский.

Украин лидери жоокерлер баатырларча курман болгонун, багынышпаганын билдирди. Аларга «Украина Баатыры» наамы берилерин кошумчалады.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.

Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM