Биз менен байланышыңыз

Зеленский дүйнө лидерлеринен Орусия үчүн аба мейкиндигин жабууну өтүндү

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 171 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский 24-февралда социалдык тармактагы баракчасында Улуу Британия, АКШ, Германия, Польша жана Евробиримдиктин лидерлеринен тез арада Орусияга каршы санкцияларды киргизүү өтүнүчүн билдирди.

«Тез арада санкция салуу, ошону менен бирге Орусия үчүн аба мейкиндигин жабуу. Украинага коргонуу жана каржылык колдоо. Дүйнө жүзү Орусияны тынчтыкка мажбурлашы керек», — деп жазган Зеленский.

Аны менен бирге Украина президенти лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда Путинге каршы коалиция түзүүнүн башталышын талкуулаган.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу болду.

Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM