Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан алгачкы эл аралык хоккей жарышына даяр

Спорт | 24 Фев 2022 | 259 | 0

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Бишкекте өтө турган 4-дивизиондогу Дүйнө чемпионатына кызуу даярданууда. Хоккейчилер 13-февралдан тарта машыгып башташты. Улуттук кураманы даярдоо үчүн атайын Орусиядан машыктыруучулар келишкен. Биринчиликти өткөрүүнүн алкагында Бишкекте жаңы хоккей аянтынын курулушуна капсула салынат. Дүйнөлүк чемпионаттын Кыргызстанда өтүшү спорттун бул түрүнүн жайылуусуна жакшы өбөлгө болорун адистер айтышат. 

Саламат Тыналиев 2011-жылдан бери спорттун хоккей түрү боюнча профессионалдык деңгээлде алектенип келет. Учурда улуттук курама команданын чабуулчусу. Спортчунун айтымында, машыгуулар күнүнө эки маалдан өтүп жатат. Дүйнө чемпионатына даярдыктар жакшы. Ал спорттун бул түрү боюнча чемпионаттын Бишкекте өтүүсү жаштарга дем берерин айтат.

«Биринчиден, Орусиядан мыкты, күчтүү машыктыруучулар келди. Андан сырткары команда курамы да күчтүү деп эсептейм. Себеби 5-6 жыл мурункуга караганда 20 жашка чейинки балдар да улуттук курамга кошулуп, команданы толук түрдө күчтөп жатат. Учурда даярдыктар жакшы. Дүйнө чемпионатынын Бишкекти өтүп жатышы жаш спортчуларга чоң стимул болот. Айрыкча, азыр хоккейди көп аймак биле беришпейт. Бул чемпионаттын өтүшү хоккейди кеңири жайылтууга жакшы шарт түзүп берет. Беттештерди «Локомотив», «Нарын» муз аянтчаларынан машыккан балдар көрсө, чоң стимул болот, буйруса».

Кыргызстан менен Орусиянын хоккей федерацияларынын кызматташтык меморандумунун алкагында, Орусиядан келген машыктыруучулар улуттук курама команданын оюнчуларын окутуу-машыктыруудан өткөрүүдө.

Команданын башкы машыктыруучусу Михаил Чекановдун айтымында, учурда чемпионатка карата даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Аны менен бирге Дүйнө биринчилигинин Бишкекте өтүп жатышы хоккейди өлкөгө жайылтууда мааниси чоң экенин кошумчалады.

«Көрүүчүлөрдү кубантуу үчүн бардык аракетибизди көрүп жатабыз. Мен бир нерсени кошумчалап коёюн, Орусияда аялдардын хоккей боюнча командасынын башкы машыктыруусу болуп, Сочидеги олимпиадага даярдадым. Биздин аялдардын курамасын ТВдан көргөн биздин өлкөнүн көрүүчүлөрүнүн хоккейге болгон кызыгуулары жапырт арткан. Бул — абдан жагымдуу көрүнүш. Ошондуктан, биздин максатыбыз алдыңкы орунду ээлөө гана эмес, республикада хоккейди кеңири жарнамалоо».

Улуттук курама командага өлкө боюнча жана коңшу мамлекеттерде ойногон бардык кыргызстандык хоккей спортчулары чакырылган. Ушу тапта 30дан  ашуун спортчу машыгуудан өтүп жатат. Команданын толук курамы эртең, 25-февралда оюнчулардын көргөзгөн натыйжасына жараша белгилүү болот.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Эльзар Болотбеков Кыргызстан Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө кандай даярдык көргөнүн айтып берди.

«Чемпионатка 5 команда катышат: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран. Биздин команда толугу менен даяр. Арена 2-3 күндө 100% даяр болот. Биздин федерация, дирекция, департамент, министрлик — баарыбыз чогуу жакшы иш алып барып жатабыз. Буйруса, Дүйнө чемпионатын өткөрүүгө 100% даярбыз десек болот».

Эске салсак, чемпионатты 2020-жылы өткөрүү пландалган. Бирок, пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Ал үчүн бюджеттен 2 млн сом бөлүнгөн.

Хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын алкагында Бишкекте жаңы хоккей аянтынын курулушуна капсула салынат.

Чемпионаттын ачылыш аземи 3-мартта Бишкектеги шаардык муз аянтында өтөт. Мелдеш 9-мартка чейин созулат.

Copyright © 2017 Maral FM