Биз менен байланышыңыз

Орусиянын түштүгүндөгү аэропорттор 2-мартка чейин жабылат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 365 | 0

Орусиянын түштүгүндөгү аэропортторго 2-мартка чейин  чектөө киргизилди. Бул тууралуу «РИА Новости» билдирди.

Аэропорттору убактылуу жабыла турган шаарлардын тизмеси:

  • Ростов-на-Дону;
  • Краснодар;
  • Анапа;
  • Геленджик;
  • Элиста;
  • Ставрополь;
  • Белгород;
  • Брянск;
  • Орёл;
  • Курск;
  • Воронеж;
  • Симферополь.

Белгилей кетсек, Владимир Путин 24-февралдын таңында Донбасска Орусиянын аскерлери киргизилгенин, атайын операция башталганын расмий маалымдады.

22-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Киев тынчтыкты жактаарын жана Орусиянын Донбасс республикаларын таануу чечиминен кийин бул багыттагы дипломатиялык ишин уланта турганын билдирген.

Бүгүн, Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM