Биз менен байланышыңыз

«Кан-Ачуу» — кыргыз Амазонкасы

Блог | 22 Фев 2022 | 1526 | 0

2021-жылы «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркына коюлган фотокапканга илбирс түшкөн. Мындан улам аймакка изилдөө жүргүзүлүп, учурда 5 илбирс байырлаары белгилүү болгон. Аталган паркта өсүмдүктүн 343 түрү, жаныбарлардын 117 түрү бар.

Тогуз-Торо районунда жайгашкан парк 2015-жылы 15-сентябрда Өкмөттүн токтому менен сейрек кездешүүчү флора жана фаунаны коргоо максатында уюштурулган. «Кан-Ачуу» жаратылыш паркынын өзгөчөлүктөрүн билүү үчүн улук илимий кызматкери Эркегүл Айтмурза кызы менен маектештик.

— «Кан-Ачуу» жаратылыш паркы тууралуу айтып берсеңиз, паркты уюштуруунун максаты эмнеде эле?

— «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркы 2015-жылдын сентябрь айында Өкмөттүн атайын токтомунун негизинде түзүлгөн. Аянты 30 496.5 гектарды ээлейт. Паркты уюштуруудагы негизги максат жаратылыш комплексин коргоо, жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдү жана жапайы жаныбарларды сактап калуу, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу болгон. Өзгөчө биосфера, геосфера жана айрыкча флора жана фаунаны коргоого басым жасалат.

— Паркта «кызыл китепке» кирген жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн кайсы түрлөрү бар?

— Коомчулукта жаратылыш парк тууралуу «кыргыз Амазонкасы» деген сөз бар. Бул дагы жөң жеринен эмес. Себеби, бул аймакта жапайы жаныбарлардын, өсүмдөктөрдүн түрү кездешет. Ошону менен бирге, парктын уюштурулушу менен «кызыл китепке» кирген илбирс, күрөң аюу, сүлөөсүн, бүркүт, көк жору, тазкара, кара кумай ж.б. жаныбарлардын корголуп калышына чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү десек болот. Биздин парк флора жана фаунага абдан бай. Ал эми жаратылыш парктын аймагында 343 өсүмдүктүн түрү кездешет. «Кызыл китептеги» өсүмдүктүн ондон ашык түрү өсөт. Изилдөө иштери жаз, жай айларында жүргүзүлгөндүктөн эрте жана кеч гүлдөөчү өсүмдүктөр толук изилдене элек. 117 омурткалуу, 2 сойлоп жүрүүчү, 92 канаттуу, 22 сүт эмүүчү аныкталган, эндемикалык өсүмдүктүн 9 түрү бар. Эндемикалык дегенибиз, башка аймакта жок, бир гана «Кан-Ачуу» жаратылыш паркында өсөт дегенди билдирет.

— Былтыр фотокапканга илбирс түштү деп жатпайсызбы, мурда паркта илбирс да бар экенин билчү белеңиздер?

— 2019-жылдары биздин аймакта ак илбирс бар экенин билгенбиз. Себеби кызматкерлерибиз бир нече ирет изин көрүшкөн, бирок фотокапканга түшүрө албай келишкен. 2021-жылдын июль айында «Илбирс» фондунун кызматкерлеринин окутуусунун негизинде фотокапкандарды койдук. Алгач, кызматкерлер фотокапкандарды орнотуп жүргөндө 3 ак илбирсти уюлдук телефонго тартканга жетишкен. Эки айга созулган аракеттин натыйжасында 5 илбирс бар экенин аныктадык. Ошондой эле парк жаңы уюшулган жылдарга салыштырмалуу тоо теке, эчки, жапайы жаныбарлар кыйла көбөйдү десек болот.

— Жан-жаныбарларды, өсүмдүктөрдү коргоодон тышкары да эмне иш менен алектенесиздер?

— Биз паркта жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө байкоо жүргүзүүдөн тышкары илимий изилдөө иштери менен алектенебиз. Бул жаратылыш парктын негизги багыттарынан болуп саналат. Илимий иштерди өнүктүрүү максатында 2021-жылдын башында Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов менен эки тараптуу келишим түзүлгөн. Андан тышкары парктын аймагындагы жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө мониторинг жүргүзүлүп келет. Аны менен бирге Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен эки тараптуу келишим түзүлүп, изилдөө иштери кызуу жүрүп жатат.

— Туризм жаатында кандай аракеттер көрүлүүдө? 

— «Кан-Ачуу» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагы негизинен таштак, кооптуу болгондуктан былтыр Тогуз-Торо районунун CBT туристтик базасынын кызматкерлери менен биздин кызматкерлер маршрут чийүү үчүн барышкан. Бирок туристтер үчүн жолу татаал жана кооптуу экенин билдиришкен. Биз муну менен эле токтоп калбастан, парктын аймагына туристтерди тартуу үчүн фиш-тур уюштуралы деп жатабыз. Азыр бул иш боюнча министрликке кат жолдодук.

 — Маегиңизге ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM