Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик Дума Луганск жана Донецк жикчил аймактары менен болгон келишимди ратификациялады

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 238 | 0

Бүгүн, 22-февралда Орусия Мамлекеттик Думасы пленардык жыйында Донецк жана Луганск жикчил аймактары менен достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимдерди ратификациялашты. Келишимге 400 депутат «макул» добуш беришкен.

Бул келишимди 22-февралда Дума Луганск жана Донецк жикчил аймактарынын парламенттери да ратификациялаган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкө Луганск жана Донецк жикчил аймактарынын жетекчилиги өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган чекте тааный турганын билдирди.

Бир күн мурун президент Владимир Путин Луганск жана Донецк жикчил аймактарынын көз карандысыздыгын таануу жөнүндө жарлыктарга кол койгон. Ошону менен бирге республикаларда тынчтыкты камсыз кылууну тапшырган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул чечим БУУнун Уставынын жоболорунун негизинде кабыл алынганын маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM