Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Киев Орусия менен мамилени үзүүнү карап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 286 | 0

Бүгүн, 22-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевде иш сапары менен жүргөн Эстониянын президенти Алар Карис менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрүп, анда Киев Орусия менен дипломатиялык мамилени үзүүнү карап жатканын билдирди. Жыйынды «Украина-24» телеканалы чагылдырды.

«Мага Тышкы иштер министрлигинен Украина менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди үзүү маселесин кароо өтүнүчү келип түштү. Мен азыр бул маселенин үстүндө иштеп жатам. Ал гана эмес, Орусиянын эскалациясына карата биздин натыйжалуу кадамдарыбыз боюнча иштөөдөмүн», — деди Украина лидери.

Зеленскийдин пикиринде, Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы Украина боюнча резолюциясын бузду. Аны менен бирге Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарынын эгемендигин таануу менен Орусиянын Украинага каршы «мындан ары куралдуу агрессия жасоого укуктук негиз түздү» деп эсептээрин билдирди.

«Украинага каршы согуш жана эскалация болбойт деп ишенебиз. Бирок алар баштаса, биз аскердик абал жарыялайбыз», — деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Зеленский Киев Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарынан украин аскерлерин чыгарып кетүү өтүнүчүн карабай турганын билдирди.

Зеленский Орусия Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарын тааныган чечиминен кийин Батыштан «тез жардам жана колдоо» күтөрүн айтты. Ал Украина бардык тобокелчиликтерди түшүнөрүн жана Орусия Федерациясын сүйлөшүүгө чакырарын кошумчалады.

Эске салсак, 21-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасы» түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары таануу тууралуу жарлыкка, андан соң аларды түзгөн топтордун жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерге кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM