Биз менен байланышыңыз

Европарламентте Орусияны Европа экономикасынан чыгаруу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 321 | 0

Европарламенттеги эң чоң фракциялардын бири Европа элдик партиясы (ЕЭП) Орусиянын Украинага карата жасаган аракеттерине байланыштуу билдирүү жасап, Евробиримдикти тез арада Орусияга каршы санкцияларды киргизүү, аны «Европа экономикасынан чыгарып салуу» чакырыгын таштады.

«ЕЭП Орусиянын Украинага каршы чабуулун кескин айыптайт. Бул эл аралык укукту одоно бузуу болуп саналат. Биз президент Владимир Путинди бардык агрессивдүү аракеттерин дароо жана шартсыз токтотууга чакырабыз. Евробиримдик тезинен реакция жасашы керек. Орусияны Европа экономикасынан чыгарып салуу үчүн санкциялардын жаңы пакети бекитилиши керек», — деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө.

Бүгүн Парижде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин чукул бейформал жыйыны өтөт. Анда Орусиянын Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарынын көз карандысыздыгын таануусуна байланыштуу Биримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын биринчи бөлүгү кабыл алынары күтүлүүдө.

Эске салсак, 21-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасы» түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары таануу тууралуу жарлыкка, андан соң аларды түзгөн топтордун жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерге кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM