Биз менен байланышыңыз

Орусия Донецк жана Луганск жикчил аймактары менен кызматташуу келишимин 10 жылга түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 415 | 0

Орусия менен Донецк жана Луганск жикчил аймактарынын ортосундагы өз ара жардам көрсөтүү боюнча макулдашуулар 10 жылдык мөөнөткө түзүлөт. Бул мыйзам долбоору Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге жөнөтүлгөнүн «РИА Новости» сайты жарыялады.

«Бул келишим 10 жылдык мөөнөткө түзүлдү. Эгерде Келишим түзүүчү тараптардын бири да кийинки мөөнөт аяктаганга чейин 6 айдан кечиктирбестен өзүнүн аракетин токтотууну каалаганын жазуу жүзүндө билдирбесе, анын аракети автоматтык түрдө кийинки 5 жылдык мөөнөткө узартылат», — деп айтылат кызматташтыктын 29-беренесинде.

Ушундай эле чечим Луганск жикчил аймагы боюнча келишимде бар.

Дүйшөмбү күнү, 21-февралда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Жыйындан соң Владимир Путин телекайрылуу жасап, Донецк жана Луганск республикаларын тааныган жарлыкка кол койгонун билдирди. Путин ошондой эле парламенттен бул чечимди колдоп, Донецк жана Луганск жикчил аймактары менен кызматташуу келишимин ратификациялоону өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM