Биз менен байланышыңыз

АКШ: 3 миллионго жакын украин гуманитардык жардамга муктаж

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 583 | 0

Учурда үч миллионго жакын украин жараны гуманитардык жардамга муктаж, алардын саны «Орусия баскынчылыгында» кыйла көбөйөт. Мындай пикирин АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд билдирди.

«Мен үч миллионго жакын украиналык азыр тамак-ашка, баш калкалоого жана жашоо үчүн жардамга муктаж экенин айттым. БУУ Орусия Украинага басып кирсе, гуманитардык кесепеттер алда канча оор болот деп эсептейт», — деди ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Соңку учурда Донбасста кырдаал кескин курчуду.Жикчилдер ээлеген Донецк жана Лугансктын жетекчилиги Украинанын коопсуздук күчтөрү тарабынан көптөгөн аткылоолор болуп жатканын жарыялашкан.Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарынын жетекчилиги Украинанын басып алуу коркунучунан улам Орусиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялаганын билдирген.

19-февралда Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарынын лидерлери Орусия Федерациясына республикаларды таануу өтүнүчү менен кайрылышкан.

21-февралда Орусия президенти Владимир Путин өзүнүн видеокайрылуусунда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасы» түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары таануу тууралуу жарлыкка, андан соң аларды түзгөн топтордун жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерге кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM