Биз менен байланышыңыз

22-февраль геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 246 | 0

Жыл сайын 22-февраль республикада Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү катары белгиленет.

Эске салсак, 1999-жылдын 22-февралынан тартып кыймылсыз мүлккө болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо Өкмөткө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мамлекеттик агенттигине жүктөлгөн, ал 2009-жылы Мамлекеттик каттоо болуп өзгөртүлгөн.

Агенттик берген сунуштун негизинде Кыргыз Өкмөтү 2007-жылдын 31-январында «24-февралды жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгилөө жөнүндө» №24 токтомун кабыл алган.

2019-жылы жер ресурстары жана жер-укуктук мамилелер, кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо, геодезия жана картография жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM