Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Биз эч кимге эч нерсе бербейбиз

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 884 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия президенти Путиндин Донецк эл республикасы менен Луганск эл республикасынын көз карандысыздыгын таануу чечиминен кийин элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу РБК сайты жазып чыкты.

«Биз эч нерседен жана эч кимден коркпойбуз. Биз эч кимге эч нерсе карыз эмеспиз. Ошону менен биз эч кимге эч нерсе да бербейбиз», — деди Украина лидери.

Зеленский Украинанын чек аралары «Орусиянын билдирүүлөрүнө карабастан» эл аралык коомчулук тарабынан таанылган бойдон кала берерин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Киевде Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин жыйыны өткөнүн, анда Орусиянын аракеттери мамлекеттин эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу катары бааланганын белгиледи. Зеленский «Басып алынган» Донецк жана Луганск облустарынын көз карандысыздыгын таануу Орусиянын Минск келишимдеринен бир тараптуу чыгып кетишин билдириши мүмкүн экендигин белгиледи.

Украинанын президенти ошондой эле Орусия дүйшөмбү күнү кабыл алган чечимдери менен 2014-жылдан бери Донбасстын басып алган аймактарындагы өз аскерлеринин болушун мыйзамдаштырганын айтты.

Украина «Норманд төрттүгүнүн» чукул саммитин, ошондой эле ЕККУнун атайын жыйынын өткөрүү демилгесин көтөргөнүн Зеленский кошумчалады.

Эске салсак, 21-февралда Орусия президенти Владимир Путин өзүнүн видео кайрылуусунда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасы» түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары таануу тууралуу жарлыкка, андан соң аларды түзгөн топтордун жетекчилери Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерге кол койду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM