Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын төрт спортчусу «Дүйнөнүн эң мыкты балбаны» аталды

Кыска кабар , Спорт | 22 Фев 2022 | 390 | 0

Кыргызстандык спортчулар Акжол Махмудов, Эрназар Акматалиев, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы 25 жашка чейинки мыкты балбандардын дүйнөлүк рейтингине кирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюму сайтына жарыялады.

Рейтингге 25 спортчу кирип, алардын арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү да бар.

Рейтинг  боюнча алтынчы орунду Олимпиаданын коло байге ээси, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова ээледи. Ал эми сегизинчи орунда Олимпиаданын күмүш байге ээси Акжол Махмудов болду.

Ошондой эле эркин күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө чемпиону болгон Эрназар Акматалиев 15-орунга, ушул эле категориянын кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болгон Айпери Медет кызы 17-орунга илинди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM