Connect with us

«Кыргызстанга 5 тоо лыжа базасы эмес, 5 туристтик обьект курулат»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Фев 2022 | 614 | 0

Буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ысык-Көл облусунда беш тоо лыжа базасы куруларын билдирген. Учурда Туризм департаменти жаңы лыжа базаларын куруу үчүн жер тилкелерин издеп жатканын, болжолдуу тизме кийинчерээк берилерин айткан.

Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова 5 лыжа базасы эмес, 5 туристтик обьект куруларын билдирди. Анын айтымында, 5 тоо лыжа базасын бир аймакка куруу күчтүүлүк кылат. Аталган туристтик обьекттер «Алматы-Бишкек экомикалык коридору» долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып ишке ашат. Бул долбоор туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Обьекттер Ысык-Көл, Нарын облустарына, Бишкек шаарына курулат.

«Долбоордун алкагында туризмди өнүктүрүү максатында ишкер-план иштеп чыкканбыз. Бул боюнча атайын эки жааттан турган комитет түзүлгөн. Ошол комитет тарабынан ишке ашырса болот деген 5 сунуш долбоор Кыргызстан үчүн иштелип чыккан. Биринчиси, спорттук лыжа борбору. Бул долбоор Караколдо уюштурулат. Экинчи долбоор суу жана автобустук транспорттук жүрүүлөр. Үчүнчүсү Чолпон-Атада гольф-клубу бар отель панорамасын куруу. Соң-Көлдүн жээгин өнүктүрүү, ал жерге Кемпинг-борборун куруу деп бергенбиз. Бешинчиси, Бишкекке чоң конференция, көргөзмө-жарманкелерди уюштура турган борбор  курсакпы деген планыбыз бар», — деди Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM