Connect with us

Эне тилдин эл аралык күнү. Бенгал студенттердин тил үчүн көтөрүлүшү (21-февраль)

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 599 | 0

Бүгүн 21-февраль — Эне тилдин эл аралык күнү.

Тарыхына кайрылсак, 1947-жылы англичандардын Индостан жарым аралынан кайтып кетиши менен урду тилинде сүйлөгөн Пакистан менен бенгал тилинде сүйлөгөн Бангладеш өлкөлөрү биригип, бир Пакистан Ислам Республикасы түзүлгөн. Өлкөнүн мамлекеттик тили катары урду тили кабыл алынган. Бул Бангладеш элинин нааразычылыгын жаратып, натыйжада «эне тилди сактап калуу» деген ураан менен 1952-жылдын 21-февралында бенгал студенттер көтөрүлүшкө чыккан. Козголоң күч органдары тарабынан аёосуз басылып, митингге чыккан жаштардын көбү кыргынга учураган.

Бул кыргын бенгал тилинде сүйлөгөн элдин аң-сезимин жогорулатып, улуттук баалуулуктарын коргоп калуу үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүп келген. Анын негизинде 1956-жылы бенгал тили да экинчи мамлекеттик тил макамын алган.

Тирештин акыры 1971-жылдагы Эгемендик үчүн жана III Индия-Пакистан согушуна чейин жеткирген. Натыйжада, Чыгыш Пакистан эгемен Бангладеш мамлекети болуп жарыяланган.

Дал ошол кыргынды унутпай эстеп туруу, майда калктын укугун коргоо максатында 1999-жылы 17-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясы 21-февралды «Эне тилдин эл аралык күнү» деп кабыл алган.

Жалпы дүйнө жүзү боюнча 7 миңге чукул тил бар экени айтылып келет. А бирок дүйнө элинин үчтөн экиси 50гө жакын эле тилде сүйлөйт. Окумуштуулар акыркы убактарда 14 күндө бирден тил жоголуп кетип жатканын айтышат.

Бириккен Улуттар Уюму англис, араб, испан, кытай, орус француз тилдерин расмий жана кызматчы тил катары кабыл алган.

Ал эми дүйнөдөгү 250гө чукул мамлекеттин 194ү улуттук мамлекет болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM