Биз менен байланышыңыз

Украинадагы кырдаал: Польша ЕККУнун чукул жыйынын өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 309 | 0

Польшанын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Адам Халачынский Twitter баракчасы аркылуу Донбасстагы кырдаалдын курчуп баратканына байланыштуу ЕККУнун Туруктуу кеңешин чукул жыйынга чакырды.

Белгилей кетсек, азыр бул уюмга Польша төрагалык кылууда.

«Мен ЕККУнун Украинадагы башкы кеңсесинин атайын өкүлү Микко Киннуненди жана ЕККУнун Украинадагы мониторинг миссиясынын башчысы Яшар Халит Чевикти катышууга чакырдым. Коопсуздук көйгөйлөрүн чечүү — ЕККУнун негизги милдети», — деп жазган Адам Халачинский.

Бул чукул жыйын Украина тараптын суранычы менен уюштурулуп жатканын белгилеген Адам Халачынский өтүнүч катты да жарыялады. Анда Украинанын чыгышындагы кырдаалды талкуулап, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо керектиги жазылган.

Ал арада Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусия президенти Владимир Путин менен АКШ президенти Жо Байдендин саммитин өткөрүүнү сунуштап, эки тарап тең бул сунушту кабыл алышты. Саммитте «Орусия Украинага басып кирбесе» гана болору белгиленери кабарланды. Жолугушуу качан өтөрү азырынча белгисиз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM