Биз менен байланышыңыз

Орусия COVID тастыктамаларын берүү эрежесин өзгөрттү

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 337 | 0

Орусия 21-февралдан тарта COVID-тастыктамасын антитело тестинин жыйынтыгы менен бере баштады. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды

«Эми тастыктамада COVID-19га каршы эмдөө алганы, COVID-19дан келип чыккан оору фактысы же бирдиктүү порталда антителолорду текшерүүнүн оң натыйжасы тууралуу маалыматтар камтылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Антителону текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат үч күндөн кечиктирилбестен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталына жарыяланат.

Антитело текшерүү лицензиясы бар лабораториялардын баарында жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле тастыктама тесттин жыйынтыгын алган күндөн тартып, алты айга чейин жарактуу болуп эсептелет. Ал эми антителолорду текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сертификатты кайра берүү каралган эмес.

Эгерде адамда ПЦР-тест тапшырып, COVID-19 болсо, бирок доктурга көрүнбөй жүрө берип, кийин антителолордун оң натыйжасын алса, алар ПЦР-тестти өткөн күндөн тартып бир жыл бою жарактуу сертификат ала алышат. Ал эми сертификат алуу үчүн коронавируска каршы антителолордун деңгээли боюнча коюлган талаптар жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM