Биз менен байланышыңыз

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II COVID-19 жугузуп алды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 262 | 0

Жекшемби күнү, 20-февралда Улуу Британиянын 95 жаштагы ханышасы Елизавета IIнин коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу «Би-Би-Си» Букингем сарайынын басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Маалыматта ханышанын симптомдорду суук тийгендей жеңил өтүп жатканы айтылат. Ушул жумада ал өз милдеттерине кайтып келери күтүлүүдө.

Букингем сарайы ханышага медициналык жардам көрсөтүүнү улантып, дарыгерлердин бардык сунуштарын аткарарын баса белгиледи.

Өткөн жылдын апрель айында Улуу Британияда падышанын күйөөсү, Эдинбург герцогу принц Филипп каза болгон. Ал 99 жашта болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM