Биз менен байланышыңыз

XIII кайрымдуулук фестивалы: Кыргызстан — кышкы туризмдин жана боорукерликтин өлкөсү

Коом | 21 Фев 2022 | 513 | 0

«ЗиЛ» тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу «Кыргызстан тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү» XIII кайрымдуулук фестивалы өттү. 2010-жылдан бери уюштурулуп келген фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат. Фестивалдан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

«ЗиЛ» тоо лыжа базасында Туризм департаменти жана демөөрчүлөрдүн демилгеси менен «Кыргызстан тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү» XIII кайрымдуулук фестивалы уюштурулду.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков, «Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбеков катышты.

Азамат Жаманкуловдун айтымында, кышкы туризмге болгон кызыгуу жылдан жылга күчөп баратат. Буга чейин жайкы туризм адат болуп келсе, азыр кышкы туризм да адат боло баштады. Андыктан быйыл туризмди өнүктүрүү үчүн атайын фонд түзүлүп, ага бюджеттен млрд сом бөлүндү.

«Андан сырткары Туризм департаментин колдоо иретинде 45 млн сом бөлүндү. Мунун баары инфраструктураны жакшыртууга, чет өлкөдөн туристтерди тартууга, Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанытууга жумшалат. Бул багытта «Дүйнө жүзүнөн 50дөн ашык мыкты блогерди чакыралы, алар аркылуу Кыргызстан тууралуу маалыматтарды өздөрүнүн өлкөсүнө тараттыралы», — деп жатабыз. Бул иштердин баары бир айдын ичинде ишке ашырылат».

Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков фестиваль бир эле учурда бир канча максатты көздөп, баарына пайдалуу салтка айланганын белгиледи.

«Биринчиден, тоо лыжа маданиятын, туризмди алдыга жылдырса, экинчиден, бир-бирибизге жардам кылып, көмөк көрсөтүп, кайрымдуу болууга үйрөтүп жатат. Ошондуктан бул фестиваль элибизге, жерибизге, жалпы баарыбызга пайдалуу салт болуп жатат. Биз бизнес коомчулуктун атынан ар дайым бул иш-чараны колдоого даярбыз, колдоп келебиз, мындан кийин да колдой бермекчибиз. Тоо туризми жана лыжа — ден соолукту сактоого дал келген спорт».

Кайрымдуулук фестивалынын алкагында бий флешмобу жана ырчылардын концерти уюштурулуп, «Элим барсыңбы?» жана «Колдон колго» уюмдары муктаждарга каражат чогултуу үчүн фестивалдын катышуучуларына кайрымдуулук билеттерин ойнотту.

«Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фондунун директору Айдар Кубанычбеков иш-чарадан түшкөн каражат кандай колдонулуп келгени боюнча маалымат берип, кайрымдуулукта жарышууга чакырды.

«Иш-чараны өткөрүүдөгү негизги максатыбыз: тоо лыжасын жайылтуу аркылуу кайрымдуулук маданиятын да жайылтуу. «Элим, барсыңбы?!» кайрымдуулук фонду төрт жылдан бери бул иш-чарага катышып келет. Уштуруучулар түшкөн каржаттын 50%ын «Колдон колго» коомдук уюмуна, калган 50%ын бизге өткөрүп беришет. Акыркы төрт жылда түшкөн каражаттын кайда жумшалганы боюнча маалымат бере кетели: биринчи жолу өткөрүлгөндө «Сокулук» майыптар коомуна атайын жабдыктарды алып бердик; кийинки жолкусунда бир жараныбызга Кытайдан электроколяска алдырып бердик; былтыр бир баланын өмүрү сакталды. Ошондуктан кайрымдуулук фестивалына кайдыгер карабай катышкан ар бир мекендешибизге ыраазычылык билдиребиз. Кайрымдуулукта жарышалы».

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, Американын Кыргызстандагы Соода палатасы, JIA бизнес-ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, Жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, «Колдон колго», «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонддору жана «ЗиЛ» тоо лыжа базасы тарабынан уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM