Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Украинадан бир миллионго чейин качкынды кабыл алууга даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 560 | 0

Евробиримдик Орусия менен Украина ортосундагы жаңжал күчөгөн учурда Украинадан бир миллионго чейин качкынды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Шинас Германиянын Die Welt гезитине берген маегинде билдирди.

«Болжол менен 20 миңден бир миллионго чейин качкын келиши мүмкүн», — деди Шинас.

Ошондой эле ал Еврокомиссия өзгөчө кырдаалдар үчүн ар кандай сценарийлердин үстүндө иштеп жатканын белгиледи.

Польшанын улуттук коргоо министри Войцех Скуркевич буга чейин бир миллионго чейинки качкынды кабыл алууга даяр экенин кабарлаган.

Киев жана Батыш мамлекеттери Орусиянын Украинанын чек арасына жакын чектеринде «агрессивдүү аракеттери» көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Москва мындай айыптоолорду четке кагып, эч кимге кол салууга ниети жок экенин айткан. Кремль бул айыптарды Орусиянын чек арасына жакын жерде НАТОнун аскерий техникасын көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо болуп жатат деп сыпаттаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM