Биз менен байланышыңыз

Экономикалык эркиндик индексинде Кыргызстан 116-орунда

Кыска кабар , Экономика | 18 Фев 2022 | 959 | 0

Эл аралык Heritage Foundation уюмунун экономикалык эркиндик индексинде Кыргызстан 116-орунга чыкты.

Рейтинг жыл сайын экономикалык жана соода эркиндигинин даражасын, инвестициянын ачыктыгын, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн, коррупциялык факторду жана башкаларды эске алуу менен 10 категория боюнча эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт.

КМШ мамлекеттеринин ичинен Казакстан алдыга чыгып, 64-орунду ээледи. Ал эми Тажикстан 147, Түркмөнстан 165-орунду ээлеп, репрессиялык экономикасы бар мамлекеттер катары классификацияланган.

Орусия 113-орунга, Беларусь 135-орунга чыккан.

Сингапур 84,4 балл менен үчүнчү жыл катары менен рейтингдин башында турат. Алдыңкы үчтүккө Швейцария менен Ирландия кирген. Акыркы саптарды Куба, Венесуэла жана Түндүк Корея ээлейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM