Биз менен байланышыңыз

Путин мигранттарга каршы чараларды катаалдатууну талап кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 2094 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин 17-февралда Ички иштер министрлигинин жыйынында орус мыйзамдарын бузган мигранттарга катаал чараларды көрүү, анын ичинде өлкөдөн чыгарып жиберип, кайра кирүүсүнө тыюу салуу керектигин билдирди. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.

Президент экстремизмге каршы натыйжалуу күрөш миграция чөйрөсүнө байланыштуу экенин белгиледи.

«Миграциядагы мыйзамсыз ишмердик, кылмыштуу бизнесин ушул мыйзамсыз миграциянын үстүнө курган топтор… Бул адамдарга эң катуу чара көрүлүшү керек. Экстремизмдин ар кандай көрүнүштөрү, укук тартибин бузгандар жана мыйзамсыз иш жүргүзгөндөр Орусиядан чыгарыла турган чечим кабыл алынышы керек. Келечекте биздин өлкөгө кирүүсүнө да тыюу салынышы кажет»,  — деди президент.

Ошол эле учурда мыйзам сактаган, маданият менен каада-салтты сыйлаган мекендештер жана чет өлкөлүктөр бардык керектүү документти эркин жана бюрократиялык тоскоолдуксуз ала турганын кошумчалады.

Буга чейин 10-январда Владимир Путин миграция саясаты боюнча мекелемер аралык комиссия түзүү жарлыгына кол койгон. Анын аткарылышын Орусия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары, буга чейин мигранттарга катаал чектөөлөрдү киргизүүнү жактап келген Дмитрий Медведев көзөмөлгө алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM