Биз менен байланышыңыз

Сиднейде 60 жылдан бери биринчи жолу акула адамга кол салды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 453 | 0

Австралиянын Сидней шаарындагы 10дон ашык пляж убактылуу жабылды. Ага акуланын бир тургунга кол салуусу себеп болгон. Жырткычтын чабуулу адамдын каза табуусу менен аяктаган. Бул каргаша акыркы 60 жыл ичинде биринчи жолу катталган. Бул тууралуу «Хабар-24» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматтарга караганда, маркум балык уулоо менен алектенген. Океанологдор ага үч метр ак акула кол салганын айтышууда. Окуя болгон жерде куткаруучулар жырткычты коркутуу үчүн атайын тузактарды орнотушуп, тургундардын сууга түшүүсүнө тыюу салды.

Куткаруучулар океанда сүзгөндө дайыма тобокелчиликке барарын, океан жээктери акулалардын аймагы, алар ошол жерде кожоюну экенин айтышат. Акула жээктен алыстаганга чейин пляждар ачылбай турганы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM