Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын мугалимдерине президенттин уулун даңктоо милдеттендирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2022 | 482 | 0

14-февралда Түркмөнстандагы мектептердин мугалимдерин биринчи сабакта президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердардын «өмүр жолу, мүнөзү жана жетишкендиктери тууралуу» айтып берүүгө мажбурлашкан. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» басылмасы жазды.

«Ишемби күнү орто мектептердин директорлору билим берүү бөлүмдөрүнө чакырылды. Аларга жекшемби күнү мугалимдерди жана техникалык кызматкерлерди мектепке чогултуп, дүйшөмбү күнү бардык класстарга биринчи сабак кандай өтүлүшү керектигин түшүндүрүү милдеттендирилди», — деди басылма.

Мугалимдер окуучуларга Сердар Бердымухамедовдун өмүр жолу жана жетишкендиктери, кулк-мүнөзү (боорукерлиги, эмгекчилдиги, жаркын акылы) жөнүндө айтып беришкен. Мындай сабактар ​​өлкөнүн бардык мектептеринде өткөрүлгөн.

Сердар Бердымухамедов — Түркмөнстандын вице-премьер-министри. Ал өлкөнүн президенттигине ат салышууда. Анын талапкерлигин башкаруучу Демократиялык партия көрсөткөн. Сердардын атасы, учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин аталган партиядан үч жолу шайланган.

Түркмөнбашынын уулунан тышкары дагы эки талапкер белгилүү: мурдагы саясий туткун Гелди Кяризов жана Агрардык партиянын өкүлү Агаджан Бекмырадов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM