Биз менен байланышыңыз

Тактайдын баасы кымбаттап, токойду мыйзамсыз кыйгандар көбөйдү

Коом | 17 Фев 2022 | 1139 | 0

Пандемиядан соң тактайга болгон баа кескин өсүп, токойдогу дарактарды мыйзамсыз кыйып кетүү көп катталган. Натыйжада мамлекет 3.5 миллион сом чыгымга учураган. Мамлекеттик токой чарба агенттиги токойдун санын көбөйтүү жана көчөт өстүрүүнү каалагандарга шарт түзүү максатында «Кыргызстандын жашыл тоолору» деп аталган интернет платоформасын ишке киргизүү алдында турат. Ошону менен катар быйыл экинчи ирет токойдун эсебин алуу иштери жүрүп, өлкө ээлеген аянттын 6.5%ын токой кылуу максатын көздөөдө. 

Пандемиядан соң тактайга болгон баа кескин түрдө көтөрүлгөн. Пандемияга чейин 1 метр куб тактайдын орточо баасы 11 миң сомдун тегерегинде болсо, учурдагы баасы 25 миң сомдун тегерегинде. Орусиядан алып келинген тактайдын баасы кымбат болгондуктан, токойдогу бак-даракты мыйзамыз кыйгандардын саны өскөн.

Токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Ырсалиевдин айтымында, пандемияга чейин даракты мыйзамсыз кыркуу фактысы аз катталган. Эми тактайдын баасынын көтөрүлүшү менен уурдап кыйгандар көбөйүп, мамлекетке миллиондогон сом чыгым келтирилип жатат.

«Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, Ысык-Көл токой чарбасында, Жети-Өгүз токой чарбасында былтыр көптөгөн мыйзам бузуу катталды. Жалпысынан азыркы учурда Караколдо экополиция менен чогуу иштеп жатабыз. Ак-Сууда да көптөгөн фактылар катталып жатат. Эми эл болгондон кийин уурдайт экен, түнкүсүн уурдап кетип жатышат, токойчу жетишпей калат. 2021-жылдын анализин жасап чыктык. Анда токойдогу дарактарды мыйзамсыз кыйган 201 факты катталган. 534 куб метр дарак уурдалып, мамлекетке 3.5 миллион сом чыгым келтирилген».

Соңку жылдары климаттын кескин өзгөрүүсү ар кандай кесепеттерге: кургакчылыкка, мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө. Мындай өзгөрүүгө карата көрүлгөн чаралардын эң негизги жолу токой аянттарын көбөйтүү экенин адистер айтып келет. Бул практиканы учурда дүйнө жүзү кабыл алууда. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Токой кызматы токойлордун санын арттыруу максатында «Кыргызстандын жашыл тоолору» интернет платоформасын ишке киргизүү алдында турат.

Мамлекеттик токой чарба агенттигинин директору Алмаз Мусаев платформаны ишке киргизүүдөгү максат көчөт тигүүнү каалагандарга шарт түзүп берүү экенин айтты.

«Кыргызстандын токойлуу аянттары боюнча, анан кайсыл жерге кандай көчөт отургузуу боюнча платформа даярдалууда. Ал үч тилде: кыргыз, орус, англис тилдеринде даярдалат. Ошол жерге дүйнөлүк меценанттарды тартуу боюнча эгер каалаган киши болсо, ушул жерге мен көчөт отургузам десе, биз ачык-айкын жерлерибизди көрсөтүп беришибиз керек. Ошондой платформа даярдалып жатат».   

Алмаз Мусаев быйыл өлкө боюнча 1130 гектар аянтка 2 млн көчөт отургузуу пландалып жатканын, өнөктүктү Министрлер кабинети каржылап берерин кошумчалады.

Кыргызстанда 10 жылда бир өлкөдөгү токойлордун санын билүү жана аларды эсепке алуу иштери жүргүзүлөт. Ага ылайык, азыр өлкөдөгү токой чарбалары, андагы бак-дарактар эсептелип жатат. Буга чейинки эсептөө 2008-жылы жүргүзүлүп, анда өлкө аянтынын 5.61%ын токой түзөрү аныкталган. Токой чарба башкармалыгынын башчысы Нургазы Чодоев бул сапар токойлордун Кыргызстандагы аянты 6.5% чейин көтөрүлөрүн болжоп жатат.

«2018-жылы Кыргызстанда токойду эсепке алуу жүргүзүлгөн. Бул талаа шартында эмес, жеринен сурамжылоо аркылуу алынган маалыматтар болчу. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө токой аянты Кыргыз Республикасынын жалпы аянтынын 6.1% түзөрү аныкталган. Ал эми экинчи улуттук инвентаризация жыйынтыктары быйылкы жылдын III кварталына карата бүтөт деп турабыз. Азыр иштер жүргүзүлүүдө. Болжолдуу түрдө 6.5%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн».

Учурда Кыргызстанда 1 млн 200 миң гектар жер токой фондуна таандык. Анын ичинен 800 миң гектары токойлуу жерлер болуп эсептелет. Өлкөдө 41 чарба токойчулук менен алектенет.

Былтыр 2021-жылы жалпы 450 гектар аянтка көчөт отургузуу пландалып, 699.4 гектарга көчөт тигилген. Натыйжада план 155% аткарылган. Быйыл 1130 гектар жерге көчөт отургузуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM