Биз менен байланышыңыз

Климат кризиси: АКШнын батышында кургакчылык өкүм сүрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 409 | 0

2000-2021-жылдар аралыгы АКШнын батышында 12 кылымдан бери кайталана элек өтө кургак жыл болду. Бул изилдөө Nature Climate Change журналына жарыяланды.

2021-жылы кургакчылык адаттан тыш болгону, ал 2022-жылы да улана турганы баса белгиленген изилдөөдө адам фактору климатты 72 пайызга начарлатканы маалымдалды.

Изилдөөдө айтылгандай, 2021-жылдын декабрь айында Лос-Анжелес шаарынын батыш тарабындагы жаан-чачындын өлчөмү чарчы метрине болгону 25 сантиметрди түзгөн. Ал эми январь айында 1 сантиметрге да жетпегени белгилүү болгон. Аймакта  январь-февраль айынын жарымында жаан-чачын дээрлик болгон эмес.

Калифорния университетинин илимпоздору кургакчылык бир топ жылга созулушу мүмкүн экенин эскертишет. Изилдөөнүн автору профессор Пак Уильямс мындай кургакчылыктан кийин жаан-чачын, кар жаашын бир канча жыл күтүп кала турганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM