Биз менен байланышыңыз

Улуу Британияда инфляция кескин өстү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 370 | 0

Улуу Британияда инфляция жогорку чекке жетти. Керектөө баалары соңку 12 ай ичинде 5,5%га кымбаттады. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика кызматынын маалыматына таянып The Guardian басылмасы жазды.

Инфляциянын бул көрсөткүчү — 7,1% болгон 1992-жылдын мартынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Англия банкы керектөө бааларынын инфляциясы апрелден тарта 7,25%га чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертти. Анткени энергиянын кымбатташы керектөөчүлөргө оорчулук жаратат.

Forbes журналы инфляциянын өсүшү азыр дүйнөлүк тенденцияга айланганын жазды. АКШда инфляция 2021-жылдын акырына карата 7%ды түздү. Бул — 1982-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч.

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун 38 өлкөсүндө керектөө бааларынын жылдык өсүшү ноябрь айында 5,8%га көтөрүлүп, 1996-жылдын май айынан берки эң жогорку көрсөткүчкө жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM