Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүү талабы коюлууда

Коом , Экономика | 16 Фев 2022 | 2072 | 0

Бүгүн, 16-февралда «Кыргызстандын жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоор коомдук талкууга коюлду. Өзгөртүүлөр кабыл алынса, оң рулдуу унааларды өлкөгө ташып келүүгө уруксат берилет. Мыйзамды сунуштаган Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев оң рулдуу унаалардын техникалык абалы мыкты экенин белгилеп, экологияга оң таасир тийгизерин айтат. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге берген маалымат жыйынында бул сунушка каршылыгын билдирген. Жалпы коомчулук оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүүнү талап кылууда. 

Коомчулукта оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүү маселеси көтөрүлө баштады. Алардын айтымында, акыркы убактарда техникалык абалы начар унаалар көбөйүп, экологияга кесепетин тийгизип жатат.

Өлкөгө оң рулдуу унааларды ташып келүүгө 2015-жылы тыюу салынган. Өкмөт мындай автоунаалар жол кырсыгынын көбөйүшүнө себеп болуп жатканын «бетке кармашкан».

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев оң рулдуу унааларды алып келүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуштады.

Анын пикиринде, оң рулдуу унаалардын өлкөнүн ички рыногуна кириши — башка өлкөлөрдөн кирген сол рулдуу унааларга караганда алда канча пайдалуу. Себеби жаңы унаалар экологияга да жакшы таасирин тийгизет. Тактап айтканда, ыш маселесин чечиши да мүмкүн. Буга оң рулдуу унааларга камера орнотуу менен жете аларыбызды айтат мыйзамдын демилгечиси.

«Азыр заманбап технологиялардын заманы эмеспи. Мурда оң рулдуу унааларга тыюу салынышынын себеби ашып өтүүдө көрүнбөйт деген маселе коюлган. Ал эми азыр «камера коюлса, экран аркылуу каршы тилкедеги унааны көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатса, анда эмнеге болбосун» деген маселе болуп жатат. Ошондуктан коомдук угууга чыгардык. Эгер эл колдосо колдойт, колдобосо мыйзам катары чыгарбайбыз».

Өткөн аптада депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңеш оң рулдуу унааларды алып кирүүгө коюлган бөгөттү алып салууну сунуштаган мыйзам даярдай турганын билдирген. Ал өз сөзүндө чектөөнүн айынан өлкөнүн автопаркы эскирип кеткенин жүйө келтирген.

Эл өкүлдөрүнүн демилгесине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кескин түрдө каршы экенин билдирип, алгач электромобилдер боюнча программаны аягына чыгарууну сунуштады.

«Биз Түркиянын салыктары боюнча тажрыйбасын көрөлү деп ойлонуп жатабыз. Ал жерде 2 литрден ашык кубу бар унаадан 10 миң доллар төлөнөт. Өзүңдү көрсөткүң келсе, 10 миң доллар төлөшүң керек. Кыргызстандагы 1 миллион 150 миң автоунаанын ичинен заводдон чыкканына беш жыл болгон машиналардын саны болгону 5800 экен. Бул деген өлкөдө жаңы унаа жок дегенди түшүндүрөт да. 15 жыл жана андан мурун чыгарылган унаалар 1,1 миллион экен. Биз жалаң эски техниканы чогултуптурбуз. Эгер оң рулдууларга уруксат бере турган болсок, Казакстан, Орусия, Беларустагы эски унаалардын баары бизге толуп калат. Учурда биз транспортту электрге өткөрүү боюнча программа жүргүзүп жатабыз, алгач ошону соңуна чыгаралы».

Өлкө боюнча былтыркы жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталган. Бул — 2020-жылга салыштырганда 22 пайызга көп. Жол кырсыктарынын негизги себеби катары айдоочулардын 60%дан ашыгы жол эрежелери боюнча билиминин төмөн экени айтылып келет.

Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылы жол кырсыктарынын 25%ына оң рулдуу унаалар кабылган. Аталган кызмат бул көрсөткүч жылдан жылга көбөйүп жатканын айтууда.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков көтөрүлүп жаткан мыйзам долбоорун толугу менен колдойт. Аны менен бирге мыйзам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сунушун камтыса, мамлекетке чоң пайда алып келерине ишенет.

«Дүйнө жүзү боюнча биздин мамлекетке унаа импорттоого толук шарт түзүп берүү керек. Ооба, сөзсүз талаптар болушу керек: чыккан жылы 5 жылдан бери болушу керек; катализаторлору ордунда болушу керек. Эң башкысы, кечээ Акылбек Жапаров айткан сунуш да колдоого аларлык. Кымбат унааларга, люкс деңгээлиндеги унааларга кошумча салык кирүүсү да менин оюмча, эң туура. Марлен Маматалиев менен Акылбек Жапаровдун сунуштарын, мыйзам долбоорун бирге иштеп чыгып, кабыл алып бере турган болсо, мамлекетке да, экологияга да, казынага да абдан чоң пайда келе турганы шексиз».

«Унаа» мамлекеттик мекемесинде жалпысынан миллиондон ашык жеңил унаа катталган. Анын ичинен оң рулдуу автоунаа 188 миңди түзөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираты, Дания, Нидерланды баштаган 15 өлкөдөн унаа ташып келинет.

Copyright © 2017 Maral FM