Биз менен байланышыңыз

Атлантты түздөө аркылуу көп оорудан сакайса болот

Блог | 17 Фев 2022 | 765 | 0

Акыркы учурда атлантты түздө ыкмасы тууралуу коомчулук кеңири сөз кылып, бул жол менен көп оорудан айыгып кетсе болорун айтышууда. Атлант деген эмне? Ал кандай учурда жылып кетет? Эмнеси менен коркунучтуу? Кантип дарылоо керек? Бул суроолорго атлант адиси Дастан Токтобай уулу жооп берди. 

— Дастан мырза, саламатсызбы? Алгач түшүндүрмө бере кетсеңиз, атлант деген эмне?

 — Атлант — бул жүлүндү баш менен туташтырып турган биринчи омуртка. Анын өзгөчөлүгү — моюн менен башты майда булчуң эттер менен кармап турат. Түзүлүшү башка омурткалардан айырмаланып, шакек түрүндө болот. Атлант эңкейүү жана чалкалоо кыймылдарын аткарат. Ал эми башты капталга бурганга жүлүндүн экинчи омурткасы менен туташкан жери жооп берет.

— Атлантты түздөө ыкмасы бизге качан колдонула баштады? Анын тарыхы жөнүндө да айтып берсеңиз..

— Атлант түшүнүгүнүн Кыргызстанга киргенине 4 жылдын тегереги болуп калды. Атлантты түздөө ыкмасын алгач 1990-жылдары швейцариялык окумуштуу Рене Клаудиус Шумперли ойлоп тапкан. 20 жашында Шумперли мойнунан катуу жаракат алып, майып болуп калган. Аталган ыкманы өзүнө сынап көргөндөн кийин окумуштуу басып кеткен. Мындан ары Шумперли аталган ыкманы AtlasPROfilax деп атап, өзүнө окшош майыптарга жардам берген. Бул ыкма өнүккөн өлкөлөрдө тездик менен жайылып, жакшы натыйжа бере баштаган. Казакстанда Орусиядагыдан да чоң атлант борборлору бар, алар да ийгиликтерге жетишип, элдин алкоосун алып келип жатышат.

— Адамдын атланты кандай учурда жылып кетиши мүмкүн?

 — Негизи ымыркай төрөлүп жатканда, адам жол кырсыгына кабылганда, спорт менен машыгып жатканда травма алып калса, атлант жылып кетет. Мындай учурлар көп кездешет. Анда адамдын кыймылы өзгөрүп, ал тургай майыптыкка алып келет. Атланты жабыркагандар биздин борборго кайрылып, оорудан толук сакайып кете алат.

— Атланты ордунда эмес болсо, бейтап кандай кесепеттерге кептелиши мүмкүн?

— Адамдын атланты ордунан жылып же чыгып кетиши жылдап билинбей жүрө бербейт. Эгерде атлантты убагында түздөтпөсө, адам коркунучтуу неврологиялык ооруларга кептелет. Тагыраагы, бейтаптын кан басымы жогору же төмөн болуусу (артериальное давление), мээдеги кан басымдын жогорулап кетиши (внутричерепное давление), омуртка ооруларына (остеохондроз, сколиоз, грыжа), ошондой эле тизе жана муун (остеоартроз) ооруларына алып келиши мүмкүн.

— Кантип туура дарылоо керек?

— Адамдын атланты жабыркаса, аны «атластпрофилакс» ыкмасы менен түздөтүү жакшы натыйжаларды берет. Тагыраагы, баш менен моюнду бириктирип турган майда булчуңдарга аппараттын жардамы менен вибромассаж жасалат. Бул массаждын эч кандай коркунучу жок, зыянсыз болуп эсептелет. Вибромассаж аппараты аркылуу жабыркаган атлантты түздөп, ордуна алып келсе, кан айлануу системасы жакшырат, мээге жетиштүү кислород барат, ошондо оорулардан толук кутулса болот. Муну менен бирге инсульт оорусунун да алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар.

— Бул ыкма дагы башка кандай ооруларга жардам берет?

— Алсак, адамдын атланты түз эмес болгондуктан, жүрөгү соккондо мээсине кан аз барат, мындан улам башы ооруп баштайт. Кан менен кошо мээсине жетиштүү витаминдер, кислород, минералдар барбаганынан адам тез чарчай берет. Тагыраагы, иш кылбай туруп эле чарчай берет. Кан басымы төмөн болгондо, жаштар алсыз болуп, улгайгандар унутчаак болуп калат.

— Сиздерге көбүнчө бейтаптар кандай оорулары менен кайрылышат?

— Бизге келген бейтаптар: «Каттуу стресс болдум, ошондон кийин кан басымым туруксуз болуп, ооруй баштадым», — дешет. Бул эмнени билдирет? Ар бир адамдын организминин коргоочу функциясы бар. Адам каттуу стресс болсо, коргоочу функция иштелип чыгат, кан коюулана түшөт. Кан коюуланганда адамдын атланты кысылып турган жерде кан төмөн түшүп кете албай, жогорулап кетишине алып келет. Ошол күндөн баштап бейтаптар кан басымды төмөндөтүү же көтөрүү максатында дары ичип башташат, ал кезде кан басымды төмөн же жогору алып жүрө турган функциясы иштен чыгат да, аны бир гана дары башкарып калат. Ошол мезгилден баштап бейтаптар туруксуз кан басым оорусуна кабылып калышат. Ал эми бейтап убагында атлантын түздөтүп, ордуна келтирген болсо, кан айлануу системасы жакшырат.

— Атланты жабыркаган бейтаптарды кантип аныктайсыздар?

— Биз кол менен кармап билебиз. Себеби биринчи менен экинчи моюн омурткалардын ортосундагы булчуң эттерди кол менен кармап билип, ошонун негизинде атлант ордундабы же ордунда эмеспи, аныктай алабыз.

— Азыркы тапта жаштар арасында да муун оорулары көп кездешип жатат. Анан жаштардын, айрыкча 60-70 жаштагы улгайган апа-аталарыбыздын жамбаш, тизе, муун ооруларын атлантты түздөө ыкмасы аркылуу айыктырса болобу?

— Атлант түз эмес болгонунан омуртка сколиозго кабылат, сколиоз жамбаш сөөккө барып токтойт. Мындай учурда бир жамбашы өйдө, бир жамбашы ылдый жайгашып, адамдын бир буту кыска, бир буту узун болуп калат. Атлантты түздөсөк, омуртка менен жамбаш түздөлөт, эки бут бирдей болуп, салмак эки бутка бирдей түшүп, бул оорудан толук кутулса болот. Толук эле кутулбастан, экинчи кайталангыс кылып айыктырса болот.

— Атлантты түздөөгө канча убакыт керектелет?

— Эгерде атлант түздөлгөндөн кийин муундарда оору пайда болуп калса, анда 1 жылдан 3 жылга чейинки убакытта бейтап толук айыгат. Эгерде жаш кезинде атлантты түздөтө турган болсо, анда профилактиканын негизинде жамбаш, муун ооруларынын алдын алса болот. Атлантты түздөөгө бейтап бир эле жолу келет. Процедура 5-7 мүнөт созулат. Атайын аппарат менен мойнундагы майда булчуң эттерге вибромассаж жасалат. Бир айдан кийин бейтап текшерүүгө келип кетиши зарыл.

— Баасы жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?

— Баасы 15 миң сом. 17 жашка чейинки балдарга, улгайгандарга 20% арзандатуу каралган.

Кененирээк маалыматты ушул жерден ала аласыз:

Дареги: Бишкек шаары, Үмөталиев көчөсү, 124 (Абдымомунов көчөсү менен кесилишет).

Телефон номери: +996 553 907 569; +996 703 105 945

Инстаграм: atlantbishkek

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM