Биз менен байланышыңыз

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүп жатат

Кыска кабар | 16 Фев 2022 | 412 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоо 14-февралда башталган, 6-апрелге чейин жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев кабарлады.

Жалпы республикалык тестирлөөгө www.testing.kg сайты аркылуу же тестирлөө борборлоруна барып катталса болот. Каттоодон өтүү үчүн паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, орто билими жөнүндө аттестаты (мурун окууну аяктагандар үчүн), ЖРТга каттоо акысы төлөгөнүн тастыктаган дүмүрчөк (квитанция), электрондук фотосүрөт керек.

Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.

Быйыл мектептерди 68 миңге жакын 11-классты бүтүрүүчү бүтүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM