Connect with us

16-февралда кандай майрамдар белгиленет?

Блог | 16 Фев 2022 | 676 | 0

16-февралда дүйнө жүзүндө кандай майрамдар бар? Алардын негизгилерин төмөндө санап өттүк.

Аялдар күнү

Дүйнө жүзүндө аялдардын майрамы 8-март деп эсептелсе, Исландия XIX кылымдан бери 16-февралды аялдардын күнү катары майрамдайт. Бул күнү «жылдын тортун даярдоо» деген өзгөчө салт да белгиленет. Жыл сайын майрамын алдында атайын комиссия кандай торт жасоо керектигин тандап, андан соң өлкөнүн бардык кондитердик ишканаларына рецепт жөнөтүлөт. Эркектер өмүрлөшүнө же апасына ушул тортту алып барууга тийиш.

Бадам күнү

16-февралда АКШ Улуттук бадам күнүн белгилейт. Бул өлкө бир канча жылдардан бери бадам өстүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунду бербей келет.

Бадамдын мекени Азия жана Жер Ортолук деңиз аймагы, кийин ал башка өлкөлөргө да жайыла баштаган. Америка Кошмо Штаттарына ал 1840-жылы келген. 1850-жылдарда Калифорнияда алгачкы бадамзарлар пайда болгон.

Мамлекеттүүлүк күнү

Бул күнү Литва өлкөсү алгачкы эгемендик күнүн белгилейт. Тарыхына көз чаптырсак, 1918-жылы Германия биринчи дүйнөлүк согуштан жеңилүүгө учурагандан кийин анын колониясы болуп келген Литва мамлекетинин Йонас Басанавичюс башында турган Элдик Кеңеши 16-февралда эгемендик декларациясын жарыялаган.

Бул эгемендик 1940-жылга чейин созулуп, андан соң Молдова, Эстония, Латвия менен биргеликте СССРдин курамына кирген. СССРден көз карандысыздыгын 1990-жылы 11-мартта кабыл алган.

Жаздын жытын издөө күнү 

Көпчүлүк өлкөлөр бул күндү жаздын жытын издөө күнү катары кабыл алып келишет. «Ушул күндөн тарта жаздын илеби келип баштайт» дешет алар. Айрым өлкөнүн адамдары бул күнү көчөлөргө чыгып, жагымдуу нерселерди жыттоону адат кылып алышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM