19-февралда «Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү-2022» кайрымдуулук фестивалы өтөрүн уюштуруучулар кабарлашты.
Жыл сайын ЗиЛ тоо лыжа базасында уюштурулуп келген фестивалдын негизги максаты Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун өлкөсү катары таанытуу болуп саналат.
Иш-чарада лыжа тебүү боюнча ар кандай мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолот.
Фестиваль 19-февралда саат 11:00дө башталып, кирүү акысыз болот. Андан түшкөн каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат.