Биз менен байланышыңыз

Немис парламенти Меркелди Орусия менен Украина мамилесине ортомчулукка сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 567 | 0

Германиянын Бундестагындагы Солчул фракциянын тең төрагасы Дитмар Бартч Украина кризисин жөнгө салуудагы ортомчу ролуна экс-канцлер Ангела Меркелдин талапкерлигин сунуштады.

Меркель немис өкмөтүн 2005-жылдан 2021-жылга чейин жетектеген.

«Меркель эки тарапта тең бирдей кадыр-баркка ээ. Ал кырдаалды жөнгө салышы керек», — деди Бартч Funke басылмасына берген маегинде.

Анын пикиринде, канцлер Олаф Шольцтун өкмөтү Меркелдей ортомчу ролду ойной албайт. Ошол себептен Бартч өлкөнүн азыркы өкмөтүнө «Франция менен бирге Меркелди Орусия менен Украина ортосундагы мамилеге тынчтык арачысы» катары тандоону ылайык көрөт.

Киев жана Батыш мамлекеттери Орусиянын Украинанын чек арасына жакын чектеринде «агрессивдүү аракеттери» көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Москва мындай айыптоолорду четке кагып, эч кимге кол салууга ниети жок экенин айткан. Кремль бул айыптарды Орусиянын чек арасына жакын жерде НАТОнун аскерий техникасын көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо болуп жатат деп сыпаттаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM