Биз менен байланышыңыз

Түркмөнбашынын уулу президенттик шайлоодо талапкер болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 504 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар 12-мартта мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлдү. Мындай чечим өлкөнүн Демократиялык партиясынын кезексиз курултайында кабыл алынганын Salam News маалымат порталы жарыялады. Учурда Сердар Бердымухамедов өлкөдө вице-премьер-министр кызматын аркалайт.

14-февралда Түркмөнстанда президенттик кызматка талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана алардын шайлоочулар менен жолугушуусу башталды.

Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти кызматына 2007-жылдын февраль айында шайланган. Ал бир эле учурда Министрлер кабинетин да, парламенттин жогорку палатасы болгон Элдик Кеңешти да жетектейт.

Бердымухамедов 11-февралда «оор чечим» кабыл алганын жана жаш лидерлерге жол ачуу керектигин билдирген. А бирок Элдик Кеңештин төрагасы кызматын тапшырбай турганын ачык айткан.

Бердымухамедовдун билдирүүсүнөн кийин Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган.

Эксперттер 40 жаштагы Сердар Бердымухамедовду эң айкын мураскер катары аташууда. 2011-жылдан бери ал дипломатиялык кызматтарды аркалап келген. Алгач Тышкы иштер министрлигинин департаментин жетектеп, андан соң министрдин орун басары болгон. 2019-жылы Сердар Бердымухамедов Ахал велаятын (облусун), 2020-жылдын февралында Түркмөнстандын Өнөр жай министрлигин жетектеген. Андан соң вице-премьер-министр кызматына дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM