Connect with us

15-февралда 15 майрам белгиленет

Блог | 15 Фев 2022 | 975 | 0

15-февраль кандай күн? Айрым мамлекеттерде 15-февраль катардагы эле жумуш күнү болуп эсептелинсе, кээ бир өлкөлөрдө майрам жана ар кандай окуя болгон күн катары белгиленет.

Ооган-жоокерлеринин майрамы 

Советтер Союзу менен Ооганстандагы жикчилдердин дээрлик 10 жылга созулган согушу 1989-жылы аяктап, 15-февралда Советтик армия ооган жеринен толук чыгып бүткөн. Бул күн мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүндө, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленип келет.

Улуттук боштондук күнү 

Ооганстанда бул майрамды белгилөө Советтик Армиянын өлкөсүнөн чыгып кеткенине бир жыл толгонун эскерүү күнүндө, тагыраагы, 1990-жылдын 15-февралында жарыяланган.

Операция залындагы медайымдардын эл аралык күнү

Бул майрам 2009-жылы Операция бөлмөсүндөгү медайымдардын Европа биримдиги тарабынан негизделген.

Рак менен ооруган балдардын эл аралык күнү

2001-жылдын сентябрь айында Люксембург өлкөсүндө өткөн Рак менен ооруган балдардын ата-энелери уюмдарынын эл аралык конференциясынын жыйынтыгында кабыл алынган.

Православ жаштар күнү

Майрам 1992-жылы июнь айында Бүткүл дүйнөлүк православ жаштар кыймылынын 14-Ассамблеясында бардык жергиликтүү православ чиркөөлөрдүн башчыларынын батасы менен бекитилген.

Иисус Христоско жолугуу күнү 

Бул күндү христиан динин тутунгандар ушундай аташат. Анын мындай аталып калуусуна себеп катары көптөгөн окуяларды айтып келишет.

Сүйүүнү калыбына келтирген күн

Жылнаама боюнча 15-февраль бактылуулук жана сүйүү калыбына келген күн катары айтылат.

Улуттук кой күнү

Жаңы Зеландиянын Айыл чарба министрлиги 2007-жылы 26-январда 15-февралды «Улуттук кой күнү» деп жарыялаган. Өлкөдөгү 4 млн адамдын 60 млн кою бар.

Юаньсяо майрамы

«Юаньсяо» (чырак) аталышындагы бул майрам Кытайда эки миң жылдан бери майрамдалып келе жатат. Өлкө калкы жыл сайын чыракка арналган фестиваль өткөрүшөт.

Киберспорт күнү

15-февраль — Украинада киберспорт күнү. 2020-жылдын ушул күнү киберспорт Украинада спорттун бир түрү катары расмий таанылган.

Мамлекетттүүлүк күнү

Сербия өлкөсү бул күндү мамлекеттүүлүк күнү катары расмий белгилейт. Тарыхына кайрылсак, 1804-жылы 15-февралда сербдер түрктөрдүн баскынчылыгына каршы көтөрүлүшкө чыккан. Албетте, бул Сербияга эгемендик алып келбесе да, түрктөрдү кыйла сестентип, бир катар жеңилдиктерди берүүгө аргасыз кылган. Алгачкы көтөрүлүштүн шарданы экинчи көтөрүлүштүн жеңишин шарттаган. Ошол себептен бул күндү «сербдердин биринчи көтөрүлүшү» деп да аташат.

Булардан тышкары Сербияда бул дата алгачкы Башмыйзам кабыл алынган жана Улуттук армия түзүлгөн күн катары белгилүү.

Улуттук желек күнү

Канада бийлиги 1996-жылы 15-февралды «Улуттук желек күнү» деп кабыл алган. Себеби 1965-жылдын дал ушул күнү эң биринчи жолу Канаданы эгемен мамлекет катары тааныткан туусу көтөрүлүп, асабасы желбирегени айтылат тарыхында. Ага чейин Англиянын желегинин астында жашап келишкен.

Улуттук коргоо күнү

Жыл сайын 15-февралда Сингапурда Улуттук коргоо күнү белгиленет. 1942-жылдын ушул күнү британ аскерлери Сингапур аскерлерине жеңилип, өлкөнү бошотуп чыгып кетишкен.

Сюзен Энтонини эскерүү күнү 

АКШ мамлекети бул күнү жарандык активист Сюзен Браунелл Энтонини эскеришет. Ал 1820-жылы 15-февралда туулуп, 1906-жылы 13-февралда каза тапкан. Активист өмүрүн аялдардын укугун коргоого арнап, кулчулукка, социалдык теңсиздикке каршы чыгып келген. Анын урматына бул күндү АКШ «аялдардын укугун коргоонун мамлекеттик күнү» деп да коюшат.

Жон Фрумду күтүү күнү 

Тынч океандагы аралдардын бири Вануату өлкөсү бул күнү ак терилүү Жон Фрумду күтүшөт. Тарыхына кайрылсак, II Дүйнөлүк согуш маалында АКШ ушул аралга аскердик база куруп, көптөгөн жүктөрдү, ар кандай буюм-тайымдарды учак менен таштап кетип турушкан. Ал көбүнчө жергиликтүү элдин колуна түшүп, «Кудайдын белеги» катары кабыл алып келишкен. Согуш аяктап, америкалык аскерлер кайтып кеткенден кийин жүк таштоо да токтогон. А бирок жергиликтүү эл «Кудайдын белегин» ушул кезге дейре күтүп келишет. Алар «15-февралда Жон Фрум асмандан жүк таштайт» деп, атайын майрамдарды уюштурушат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM