Биз менен байланышыңыз

«Талибан» армиясын 150 миң аскерге көбөйтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 636 | 0

Ооганстандагы бийликти басып алган «Талибан» кыймылы армиясынын санын 150 миң аскерге жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Энаятулла Хаваризми «Бахтар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Коргоо министрлиги жаңы куралдуу күчтөрдү түзүүдө күжүрмөн тажрыйбасы бар, мурдагы өкмөттүн кызматында болгон аскерлер да тартылат.

«Мындай курамды түзүү үчүн кесипкөй кадрлар керек. Коргоо министрлиги жаңы армияга согуштук тажрыйбасы бар офицерлерди тартат», — деди Хаваризми.

Коргоо министрлигинин өкүлү болочок армиянын курал-жарагы боюнча комментарий берип, аскердик техникаларды алуу үчүн «бир катар коңшу мамлекеттер менен» сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

«Талибан» кыймылы буга чейин алардын армиясы 100 миң аскерден турарын билдирген. Эгерде кыймылдын куралдуу күчтөрүнүн саны 150 миңге чейин көбөйсө, анда алар Борбор Азия республикаларынын регулярдуу армияларынын ичинен алдыга чыгат. Global Firepower Index рейтинги Өзбекстандын армиясы 50 миң, Казакстандын армиясы 132 миң, Түркмөнстандын армиясы 22 миң, Тажикстандын армиясы 9 миң жана Кыргызстан — 11 миң аскер экенин эсептеп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM