Биз менен байланышыңыз

Польшада «омикрондун» дагы эки түрү аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 416 | 0

Польшалык адистер коронавирустун «омикрон» штаммынын эки жаңы түрүн табышты. Бул тууралуу Польшанын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Вальдемар Краска өлкөдөгү радиодо билдирди.

«Учурда omicron штаммынын эки жаңы субварианты биздин өлкөдө байкалууда», — деди ал.

Красканын айтымында, жаңы түрүнүн таасири азырынча белгисиз.

Учурда omicron Польшада аныкталган коронавирустун бардык учурларынын 96 пайызын түзөт.

Польшадагы пандемия учурунда 5,4 миллиондон ашык адам COVID-19 менен ооруп, 108 миңге жакын бейтап каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM