Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын ооруканасындагы жарылуудан Кыргызстандын жараны каза болгон

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2022 | 635 | 0

Өзбекстанда медициналык мекемедеги жарылуудан 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келинди.

Буга чейин маалымдалгандай, 11-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы «Зитериа» жеке медициналык-диагностикалык борборунда газ-аба аралашмасы жарылган.

Тышкы иштер министрлиги бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жарылуудан жарадар болгондордун саны 11ге жеткенин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM