Биз менен байланышыңыз

Ашыкча салмактан арылткан операция Кыргызстанда да жасала баштады

Коом | 14 Фев 2022 | 875 | 0

12-февралда Бишкекте «Кыргызстандагы бариатриялык хирургия» аталышында илимий-практикалык конференция өттү. Бариатрия – ашыкча салмактан операция аркылуу арылуу жолу. Адистердин пикиринде, мындай операцияга депрессияга дуушар болгондор, тамактануу режиминин бузулушунан ашыкча салмак кошкондор кайрылышат. Конференцияга Кыргызстандын гана эмес, Түркиянын да медицина тармагынын өкүлдөрү катышты. Анда хирургдар өз тажрыйбалары, медицинадагы соңку жаңылыктары менен бөлүштү. 

«Бариатриялык хирургия» — ашыкча салмактан хирургиялык жол менен арылуу ыкмасы. Америкалык окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, ашыкча салмак эң көп психикалык саламаттыгы жана тамактануудагы режими бузулгандан пайда болот. Тактап айтканда, бейтаптардын 19%ы депрессиядан, 17%ы ашыкча тамактануудан улам кайрылууга мажбур болушат.

Бариатриялык операцияны жасоо боюнча Кыргызстан дээрлик артта калган. Бирок, уролог Нурбек Моңолов мындай операциялар Кыргызстанда акырындан жасала баштаганын айтты.

«Азыркы заманда көрүп жатасыңар, ашыкча салмак бизде көп болуп кетти. Салмак эле көйгөй эмес да. Бул деген кант диабети, гипертония оорулары, инсульт, инфаркт дегендин баарына ушул оору алып келет. Биздин кээ бир жарандарыбыз кайсы бир себептерден өзүнүн салмагын көзөмөл кыла албай жатышат. Ошону хирургия жолу менен дарыласа болот. Мурун ушул операцияларды жасатуу үчүн чет өлкөгө акчалуулар гана барышчу. Азыр заманбап шарттар менен иштеген хирургдар Кыргызстанда эле жасап калышты».

Бариатриялык хирургия тармагына арналган илимий жыйын Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү. Иш-чара Intermed клиникасы тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстандын бардык аймагынан мамлекеттик жана жеке менчик медицина борборлорунун өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чараны уюштурган Intermed клиникасынын директору Ширинбай Дурдуев конференция тууралуу буларга токтолду:

«Бүгүнкү хирургдардын симпозиуму Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. Ага белгилүү хирургдар катышып жатат. Хирургдар медицина илимине кошкон салымдары, акыркы жаңылыктары боюнча баяндама жасашат. Конференция Кыргызстандын медицинасына салым кошот деп ойлойм. Мурда ачык операция жасалат эле. Азыр операцияны роботтор жасай турган деңгээлге жетти. Алдыда бариатриялык операциянын усулдары талкууланат», — деди иш-чаранын уюштуруучусу.

Соңку мезгилде Түркия бариатриялык операция тармагында алдыга чыкты. Анда эң алдыңкы медициналык жабдуулар колдонулуп, натыйжалуу иштер жүрүүдө. Кыргызстанда өткөн конференцияга Түркиядагы тажрыйбалуу окумуштуулар да катышты.

Түркиядагы Panther Health Сare компаниясынын өкүлү Ильяз Сойунун пикиринде, кыргыз медицинасында ашказан, онкологиялык ооруларды дарылоодо көйгөйлөр көп.

«Кыргызстандагы эң чоң көйгөй: онкологиялык оорулар, ашказан ооруларына жасалчу операциялар. Кыргызстандын бул тармагындагы кемчиликтерди көрүп, бул жакка жаңы технологияларды алып келдик. Биздин эң негизги максатыбыз: Кыргызстандын врачтарын окутуп, үйрөтүү жана кыргыз калкына медициналык жардам көрсөтүү. Бул жакка Кыргызстан боюнча врачтарды топтодук, аларды бири-бирине тажрыйбаларды бөлүшүүсү үчүн бул симпозиумду уюштурдук». 

Бариатриялык хирургия жалпы өлүмдү 40%га азайтканы белгилүү болгон. Анын ичинде кант диабетин 92%га, жүрөк-кан тамыр ооруларын 56%га жана ракты 60%га кыскарткан. Мындай операция менен бейтаптардын 80%ы экинчи типтеги кант диабетинен айыгып кетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM