Биз менен байланышыңыз

«Молдомуса Конгантиев чыныгы адис, чыгаан генерал болгон»

Коом | 14 Фев 2022 | 863 | 0

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 64 жаш курагында каза болуп, сөөгү бүгүн Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Юридика илимдеринин кандидаты, милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев эмгек жолун 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштап, министрликке чейин жеткен. Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан алдыда кененирээк токтолобуз.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 12-февралда көз жумду. Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында өткөн коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары жана маркумдун жакындары келишти.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатында сөз сүйлөгөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Молдомуса Конгантиев жогорку кызматка талыкпаган эмгегинин арты менен бардык тепкичтерди басып өтүп жеткенин, ишиндеги өзгөчө тактыгын белгилеп өттү.

«Кылмыштын бетин ачууда, окуя болгон жерде кароо жүргүзүүдө майда нерселерге да көңүл буруп, тактык, дыкаттык менен  иштөөгө көнгөн генерал кызматтын бардык тепкичтерин татыктуу басып өттү. Катардагы милиция кызматкеринен милициянын генералына чейинки жолду басып өтүштүн өзү эле тастыктап тургандай, Молдомуса Конгантиевдин жолу — татаал жана ардактуу жол. Молдомуса Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты — илимий даражанын ээси болчу. Ал кандидаттык илимий ишин Москвадан жактаган. Орусиянын Ички иштер академиясында 2009-жылы диссертациясын илимий кеңеште коргогон. Илимий темасы «Кыргызстандын Ички иштер органдарын башкарууну укуктук жана уюштуруучулук жактан камсыздоо» деп аталат. Теманын өзүнөн эле анын жүрөгүндө милицияны оңдоюн деген тилектери турганын көрүүгө болот. Ал ошол жылдары Кыргызстандагы катаал криминалдык кырдаалды чечүүнүн жолдорун изденген. Мен анын авторефератын бүт окуп чыктым, кайран генералды тагдыр сындырып кетпегенде, милицияда бир топ өзгөрүү болмок экен».

Молдомуса Конгантиев 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

Ички иштер министрлигинин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев кесиптеши Молдомуса Конгантиевдин чыныгы элдик милиция экенин эскерип, элге жасаган жакшылыктарынын бирин учкай баяндады.

«Өзү Токтогулдун Толук айылына барып, электр энергиясы жок, тоонун арасында жашаган айылды көрүп, капа болуп, «Ушунча жылдан бери Толук айылына электр энергиясы жетпептир. «Мен киргизип берем» деп сөз берип келдим» деди эле. Анан бир айга жетип-жетпей, электр зымын тарттырып, элибиз ушунчалык ыраазы болду эле. Мына чыныгы элдик милиция деп ушуну айтса болот. Учурда айылдын эли ушул күнгө чейин унутпай, «Молдомуса коюп берген чырагыбыз» деп айтып жүрүшөт. Муну биз милиция кызматкерлери сыймыктануу менен айтып жүрөбүз. Биз жалпы Генералдар кеңеши Молдомуса кесиптешибиз менен сыймыктанабыз жана жаркын элесин дайыма эсибизде сактайбыз». 

Молдомуса Конгантиев Ички иштер органдарындагы кызматын 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган. Андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад шаардык ИИБнин начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облустук ИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

Президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Курманбек Темирбаев досу Конгантиев ал үчүн жөнөкөй эле «Мусаке» болгонун белгилеп, анын адамдык сапаттарына токтолду.

«Баарыбыз жөнөкөй эле «Мусаке» дейт элек. Мусакенин достору ким? Мусакенин достору: улакчылар, чыгармачыл интеллигенция, артисттер, ырчылар, 30 жаштагы балдар. Бул киши Кыргызстанга бир келген киши эле. Менин досум курч, көк жал жигит эле. Кызматта баарына жагуу кыйын, курчтугунан бирөөнү капа кылган болсо, досу катары кечирим сурайм. Досумдун жүрөгү арстандыкындай эле, анын жүрөгүнө баарыбыз батат элек. Ачуусу бат таркап, беш мүнөттө эле жазылып, баягы-баягыдай болчу. Элин өзгөчө жакшы көрүп, ар бир адамга күйчү. Акыркы костюмун чечип бергенге даяр эле. Өзүңөр билесиңер, акыркы күндөрү ага ар кандай жалаа жаап, жүрөгүнө өтө таасирин берди. Анан аялы айыкпас дартка кабылып, 8-9 ай баспай үйүндө жатып калды. Аяшыбызды күнү-түнү карап, акыркы сапарга узатты. Эми жазылып, оюнда кичүү баласы Тариелди үйлөнтөм деп пландаштырып жаткан. «Ноокендик аксакалдар келе албай калды» деп айылга барып Куран окутуп, ошол жактан кайтыш болуп кетти…»  

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Молдомуса Конгантиевдин укук коргоо тармагындагы эмгегин баса белгилеп, кыргыз милициясынын тарыхында ысымы алтын тамгалар менен жазылып, ички иштер органдары үчүн кылган эмгеги, жасаган иштери милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүк сакталып калат деди.

«Бүгүн баарыбыз терең кайгыруу менен кыргыздын улуу инсаны, кыргыз милициясынын чыгаан генералы Молдомуса Ташболотовичти акыркы сапарга узатып жатабыз. Молдомуса Ташболотович милициянын анык иштерманы, дайыма талыкпаган аракеттин үстүндө жүргөн, кесипкөй адам болчу. Элдин коопсуздугу үчүн 30 жылдан ашык эмгектенип, катардагы милиционерден министр кызматына чейин жетип, коомдун тынч жашоосуна өмүрүн арнаган адам эле. Анын адамгерчилиги, иштермандыгы, өжөрлүгү, адамдык боорукерлиги, кол алдындагы кызматкерлерине жасаган атадай камкор мамилеси, ар бир маселени түпкүрүнөн түшүнө билген мүнөзү анын жакшы инсан экенин белгилеп турат. Ошондуктан, генерал агабыз кыргыз милициясынын тарыхында тайманбас, намыскөй жана өз кесибин мыкты билген эмгекчил адам катары жазылып, ар бирибиздин эсибизде калды. Молдомуса Ташболотович жөнүндө айта турган болсом сөз абдан көп, жалпылап белгилегенде, милициянын кадыр-баркын жогорулатууга, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошуп, кылмышты болтурбоо, элдин коопсуздугун бекемдөө боюнча ишмердиктин багытын түптөп кеткен белгилүү инсан болгон. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөтө алды».

2008-жылдын январында Ички иштер министри болуп дайындалган. КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.

Copyright © 2017 Maral FM