Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 996 | 0

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жылдын 12-мартында өтөт.  Бул тууралуу Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы Безирген Караев билдирди.

Кечээ, 11-февралда парламенттин жогорку палатасынын кезексиз жыйынында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мамлекетти башкарууга жаш лидерлерге жол берүү керектигин билдирген. Буга байланыштуу “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасына Түркмөнстандын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, тиешелүү иштерди баштоо тапшырылганын”  Түркмөнстандык басылмалар жазып чыгышкан.

«Түркмөнстандын президентинин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы 12-мартта өтө турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрө баштады», — деп билдирди Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысынын жардамчысы.

Түркмөнстанда акыркы президенттик шайлоо 2017-жылы өткөн. Мыйзам боюнча кийинки шайлоо 2024-жылы өтүшү керек болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM